Башкы бет
Жалпы өкүмдөр
Башкаруу түзүмү
Халифа
Тафвид муавини
Танфиз муавини
Жихад амири
Кошуун
Казылык
Валийлер
Идарий жихаз
Үммөт межлиси
Ижтимаий түзүм
Экономикалык түзүм
Таалим саясаты
Тышкы саясат

24-берене

Халифа бийликте жана шариятты ишке ашырууда Үммөт-төн өкүл болот.

Халифа

25-берене

Халифалык өз ара ыраазылык жана ыктыяр кылуу келишими болуп саналат. Эч ким аны кабыл алууга жана халифалыкка шайлана турган адамга ыраазы болууга мажбур кылынбайт.

Халифа

26-берене

Эркек же аял болушуна карабастан, балагат жашына жеткен, акылга ээ ар бир мусулман халифаны шайлоо жана ага байъат берүү укугуна ээ. Кайрымусулмандар мындай укуктан ажыратылган.

Халифа

27-берене

Инъикод байъатын ишке ашыруучу адамдардын байъаты аркылуу бирер адам үчүн халифалык ахды берилсе, анда калгандардын байъаты инъикод байъаты эмес, балким, итаат байъаты болот. Ушуга ылайык, итаатсыздык белгилери көрүнгөн адамдардын баары байъат бе-рүүгө мажбур кылынышат.

Халифа

28-берене

Мусулмандар тарабынан шайланган адам гана халифа болот. Исламдагы ар кандай ахд сыяктуу халифалык ахды да шаръий жол менен ишке ашпаса, эч ким халифалык укуктарына ээ болбойт.

Халифа

29-берене

Халифага инъикод байъаты бериле турган регион же мамлекеттеги бийлик мусулмандарга гана таяна турган, кафир мамлекетке сүйөнбөй турган эгемендүү бийлик болушу шарт. О.э. бул мамлекеттин ички жана тышкы коопсуздугу кафирлкрдин колунда эмес, балким, мусулмандардын колунда болушу керек. Башка өлкөлөрдөн талап кылына турган итаат байъатында бул нерсе шарт эмес.

Халифа

30-берене

Халифалык байъаты берилип жаткан адам, мейли абзелдик шарттарына ээ болбосо да, бирок, өзүндө инъикод шарттарын толук камтыган болушу керек. Анткени, байъатта инъикод шарттары эсепке алынат.

Халифа

31-берене

Халифага мамлекет башчысы ахды берилиши үчүн анда алты сыпат болушу керек. Т.а. ал эркек, мусулман, азат, балагат жашына жеткен, акылга ээ, адилеттүү жана өкүм жүргүзүүгө кудуреттүү болушу керек.

Халифа

32-берене

Халифалык мансабы – халифанын өлүмү же мансаптан баш тарткандыгы, же мансаптан четтетилгендиги себептүү – бошоп калса, анын ордуна үч күндүн ичинде халифа шайлоо важиб.

Халифа

33-берене

Халифа шайлоонун жолу төмөнкүдөй:

а) Үммөт межлисинин мусулман мүчөлөрү бул мансапка талапкерлерди көрсөтүшөт. Талапкерлердин аттары жарыя кылынат. Кийин мусулмандардан алардын бирин шайлоо талап кылынат.
б) Шайлоонун натыйжасы жарыя кылынат жана мусулмандарга шайлоочулардын эң көп добушун алган талапкер тааныштырылат. в) Мусулмандар эң көп добуш алган талапкерге халифа катары Алланын Китеби жана Расулулла (С.А.В)дын Сүннөтүнө амал кылуу шарты менен байъат беришет.
г) Байъат бүткөндөн кийин, элге халифа жарыя кылынат, анткени, анын шайлангандыгы жөнүндөгү кабар бүткүл Үммөткө жетип барсын. Жарыя кылынып жатканда анын аты жана анын мамлекет башчылыгына ылайык сыпаттарга ээ экендиги айтылат.

Халифа

34-берене

Халифаны Үммөт шайлайт. Бирок, Үммөт шаръий жол менен инъикод байъаты берилген халифаны мансаптан четтете албайт.

Халифа

35-берене

Халифа – бул мамлекет. Ал мамлекеттин бардык укуктарына ээ. Халифа төмөнкү укуктарга ээ:

а) Ал шаръий өкүмдөрдү табанний кылуу менен мыйзамдык күчкө киргизет. Бул учурда ушул шаръий өкүмдөр итаат кылуу важиб болгон жана каршы чыгуу жайиз болбогон мыйзамдарга айланат.
б) Ал мамлекеттин ички жана тышкы саясатына жоопкер. Ал кошуундун жетекчилигин өз колуна алат. Согуш жарыялоо, тынчтык келишимин түзүү, убактылуу тынчтык келишимин жана башка келишимдерди түзүү да анын ыктыярында.
в) Ал чет элдик элчилерди кабыл алуу жана кабыл албоо о.э. мусулман элчилерди дайындоо жана иштен бошотуу укугуна ээ.
г) Ал муавин жана валийлерди дайындайт жана иштен бошотот. Алардын баары халифа алдында жоопкер болгону сыяктуу, Үммөт межлисинин алдында да жоопкер болушат.
д) Ал башкы казыны, идара мүдүрлөрүн, аскер башчыларды жана туу башы болгон амирлерди дайындайт жана иштен бошотот. Алардын баары халифа алдында жоопкер болушат. Бирок, Үммөт межлисинин алдында жоопкер эмес.
е) Ал мамлекеттин бюджетин белгилей турган шаръий өкүмдөрдү табанний кылат. Ал бюджет бөлүмдөрүн о.э. киреше жана чыгашага тие-шелүү болушуна карабастан, ар бир жактар үчүн керек болгон каражаттарды белгилейт.

Халифа

36-берене

Халифа табанний кылуу укугунда шаръий өкүмдөр алкагына чектелген. Чыныгы истинбат жолу менен шаръий далилдерден иштелип чыгылбаган өкүмдөрдү табанний кылуу халифага арам. Ал өзү табанний кылган өкүмдөр жана өзү үчүн белгилеп алган истинбат жолу менен чектелген. Ал туткан жолуна тескери түстө берилген өкүмдү табанний кылышы о.э. өзү тандаган өкүмдөргө карама-каршы болгон буйрукту бериши жайиз эмес.

Халифа

37-берене

Халифа өз ижтихады жана райына ылайык раият (калк) иштерин башкарууда мутлак укукка ээ. Ал мамлекеттин иштерин жүргүзүү жана раият иштерин башкаруу үчүн керек болгон бардык мубах иштерди табанний кылуу укугуна ээ. Кызыкчылыкка таянуу менен бирер шаръий өкүмгө тескери иш тутушу жайиз эмес. Мисалы, ал азык-түлүк жетишсиздигине таянуу менен бирден ашык балалуу болууга тыюу салбайт, эксплуатациянын алдын алуу деген далил менен адамдарга бааларды белгилеп бербейт, иштерди башкаруу же кызыкчылык далили менен кафирди же аял кишини валийликке дайындабайт жана ушул сыяктуу шарият өкүмдөрүнө тескери иштерди кылышы мүмкүн эмес. Анын адалды арам, арамды адал деши жайиз эмес.

Халифа

38-берене

Халифа үчүн чектелген мөөнөт жок. Ал шариятты сактап, анын өкүмдөрүн турушка ашырса эле, мамлекет иштерин аткарууга кудурети жетсе эле, анын абалы халифалыктан четтетиле турган даражада өзгөрбөсө, өз ордунда кала берет. Эгер анын абалы мына ушундай даражада өзгөрсө, аны дароо иштен четтетүү важиб болот.

Халифа

39-берене(1)

Халифанын абалы өзгөрүшүнө себеп боло турган жана муну менен ал халифалыктан чыга турган иштер үчөө:

а)Халифалыктын инъикод шарттарынын бири бузулса т.а. ал муртад болсо, же ачыктан-ачык фасиктик кылса, же акылын жоготсо ж.б. Себеби, бул шарттар халифалыктын инъикод жана дайымий шарттары болуп эсептелет.
б) Кандайдыр бир себеп менен халифалык милдетин өтөөгө алсыздык кылып калса.
в) Өз райы менен шарият негизинде мусулмандар кызыкчылыктары жолунда иш жүргүзүүгө алсыз кылып коё турган зордукчул абал жүзөгө келсе. Эгер бирер адам аны өз райы менен шарият өкүмдөрүнө ылайык раияттын кызыкчылыктарын башкарууга алсыз кылып коё турган даражада ага басым жасаса, ал мамлекет иштерин аткарууга алсыз деп этибар кылынат жана ушул себеп менен халифалыктан четтетилет. Бул иш эки абалда жүз бериши мүмкүн:

Халифа

39-берене(2)

Биринчи абал: Анын айланасындагы адамдардын бири же бир нечеси анын үстүнөн өкүмдар болуп, иштерди аткарууну өз колдоруна алышат. Эгер алардын өкүмдарлыгынан кутулушу үмүт кылынса, белгилүү мөө-нөткө мөөнөт берилет, ошондон кийин да алардын өкүмдарлыгынан кутула албаса, халифалыктан четтетилет. Эгер кутулушунан үмүт болбосо, дароо четтетилет. Экинчи абал: Жеңген душман колуна чындап туткунга түшсө, же душмандын өкүмдарлыгы астында калса. Мында каралат: а) Эгер халифанын кутулушу үмүт кылынса, тээ үмүт үзүлгөнгө чейин мөөнөт берилет, эгер кутулушуна үмүт калбаса, мансабынан четтетилет. б) Эгер кутулушунан үмүт болбосо, дароо четтетилет.

Халифа

40-берене

Халифанын абалы аны халифалыктан четтете турган даражада өзгөргөн же өзгөрбөгөнүн бир гана Махкаматул мазолим белгилейт. Махкаматул мазолим гана халифаны четтетүү же эскертүү укугуна ээ.

Халифа

Өйдөгө
Өйдөгө
Өйдөгө