Мамлекет иштерин аткаруу жана адамдардын кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу негизине курулган идара, мекеме жана башкармалар мамлекет иштерин жана адамдардын кызыкчылыктарын башкаруу менен алектенет.
Идара, мекеме жана башкармаларды башкаруу саясаты түзүмдө жөнөкөйлүккө, иштерди аткарууда тездикке жана жетекчилердин жөндөмдүү болушуна негизделет.
Ислам мамлекетинин жараны болгон жөндөмдүү ар бир адам – эркек же аял, мусулман же кайрымусулман болушуна карабастан – ар кандай башкармага же идарага мүдүр болуп дайындалышы жана анда кызматчы болуп иштеши мүмкүн.
Ар бир башкарма, ар бир идара жана мекеме үчүн аны башкара турган мүдүр дайындалып, ал ошол башкарма, идара же мекемелерге түздөн-түз жоопкер болот. Өз кезегинде, бул мүдүрлөр ошол башкарма, идара же мекемелердин башкы мүдүрү алдында аткарган иштери тууралуу жоопкер болушат. О.э. валий же аамил алдында умумий өкүм жана мыйзамдарга катъий амал кылуу жагынан жоопкер болушат.
Бардык башкарма, идара жана мекемелердин мүдүрлөрү бир гана идарий мыйзамда кабыл алынган себептерге ылайык иштен четтетилишет. Бирок, алар бир иштен башка ишке өткөрүлүшү жана иштен убактылуу четтетилиши да мүмкүн. Аларды дайындоо, бир иштен башка ишке өткөрүү, убактылуу иштен четтетүү, жазалоо жана иштен бошотуу бир гана ошол башкарма, идара же мекемелердин башкы мүдүрү тарабынан ишке ашырылат.
Кызматчылар мүдүр деп эсептелишпейт. Аларды да-йындоо, бир иштен башка ишке өткөрүү, убактылуу иштен четтетүү, жазалоо жана иштен бошотуу да башкарма, кеңсе же мекемелердин башкы мүдүрү тарабынан ишке ашырылат.