Башкы бет
Жалпы өкүмдөр
Башкаруу түзүмү
Халифа
Тафвид муавини
Танфиз муавини
Жихад амири
Кошуун
Казылык
Валийлер
Идарий жихаз
Үммөт межлиси
Ижтимаий түзүм
Экономикалык түзүм
Таалим саясаты
Тышкы саясат

176-берене

Саясат – Үммөттүн ички жана тышкы иштерин башкаруу болуп, мамлекет жана Үммөт тарабынан ишке ашырылат. Мамлекет бул иш менен түздөн-түз алектенет, Үммөт болсо бул иш жүзөсүнөн мамлекетти мухасаба кылат.

Тышкы саясат

177-берене

Эч бир адам, хизб, топ же жамааттын бирер чет мамлекет менен мамиледе болушу таптакыр жайиз эмес. Башка мамлекеттер менен орнотула турган ар кандай мамилелер мамлекетке тиешелүү. Анткени, мамлекет гана Үммөттүн иштерин иш жүзүндө башкаруу укугуна ээ. Үммөт жана саясий топтордун милдети болсо мына ушул тышкы мамилелер жаатында мамлекетти мухасаба кылуу.

Тышкы саясат

178-берене

Максат колдонулчу васитаны актабайт, анткени, тарыйкат фикрат жынысынан болот. Важибге да, мубахка да жетишүү үчүн арам нерсе васита кылынбайт. Саясий васитанын саясат тарыйкатына тескери болушу мүмкүн эмес.

Тышкы саясат

179-берене

Саясий манёврлар тышкы саясатта зарыл иш эсептелет. Мындагы кубат иштерди ашкере кылуу жана максаттарды жашырууда болот.

Тышкы саясат

180-берене

Тайманбастык менен мамлекеттердин кылмыштарын ачып таштоо, жасалма саясаттардын коркунучун баян кылуу, жийирке-ничтүү тил бириктирүүлөрдүн бетин ачуу, адаштыруучу топторду талкалап таштоо – булар эң маанилүү саясий ыкмалардан (услуб) болуп эсептелет.

Тышкы саясат

181-берене

Жеке адам, Үммөт жана мамлекет иштерин башкарууда исламий пикирлердин улуулугун көрсөтүү эң күчтүү саясий услубдардан болуп саналат.

Тышкы саясат

182-берене

Үммөттүн саясий маселеси – мамлекет шахсиятынын (өздүгүнүн) кубатында, Ислам өкүмдөрүнүн жакшы колдонулушунда жана Исламий даъватты бүткүл дүйнөгө жаюу үчүн тынымсыз аракет кылууда көрүнө турган Ислам болуп саналат.

Тышкы саясат

183-берене

Исламий даъватты жаюу негизги ок болуп, тышкы саясат анын айланасында айланат. Бардык мамлекеттер менен боло турган мамилелер ушул негизге курулат.

Тышкы саясат

184-берене(1)

Исламий мамлекеттин дүйнөнүн башка мамлекеттери менен орното турган мамилелеринде этибар төрт нерсеге каратылат:

1. Ислам дүйнөсүндөгү бардык мамлекеттер бир мамлекет деп эсептелет. Алар тышкы мамилелер чөйрөсүнө кирбейт жана алар менен боло турган мамилелер тышкы саясат деп эсептелбейт. Алардын баарын бир мамлекет чегарасында бириктирүү үчүн иш алып баруу важиб.

2. Биз менен өз ара соода-экономикалык, жакшы кошуначылык же сакофий келишимдер түзгөн мамлекеттер менен ушул келишимдерде көрсөтүлгөндөй мамиле кылынат. Алардын жарандары – эгер келишимде көрсөтүлгөн болсо – Ислам мамлекетине чет эл паспортусуз, өздүк күбөлүк менен кирүүлөрү мүмкүн, мунун шарты, алар да биздин жарандарга иш жүзүндө дал мына ушундай мамиледе болуулары керек. Ал мамлекеттер менен боло турган соода-экономикалык мамилелер белгиленген зарыл нерселерде жана белгиленген сыпаттарда чектелген болуп, алардын кудурети күчөшүнө алып барбашы керек.

Тышкы саясат

184-берене(2)

3. Биз менен өз ара келишимдерге ээ болбогон мамлекеттер, Англия, Америка, Франция сыяктуу иш жүзүндөгү колонизатор мамлекеттер, же Россия сыяктуу мамлекетти колония кылуу ниетиндеги мамлекеттер согуш абалындагы (мухариб) мамлекеттер деп саналат жана аларга карата бардык этият чаралары көрүлөт. Алар менен эч кандай дипломатиялык мамилелерди орнотуу мүмкүн эмес. Бул мамлекеттердин жарандары мамлекетибизге чет эл паспорту же ар бир адам жана ар бир сапар үчүн атайын виза менен гана кирүүлөрү мүмкүн.

4. Израиль сыяктуу иш жүзүндө согуш абалындагы мамлекеттер менен бардык мамилелерде согуш абалы негиз кылып алынат. Биз менен алардын ортосунда убактылуу келишим болсо да, болбосо да, иш жүзүндө согуш абалындагыдай мамиле кылынат. Алардын бардык жарандарынын мамлекетке киришине тыюу салынат.

Тышкы саясат

185-берене

Аскерий келишимдер о.э. аскерий келишимдер катарына кире турган саясий келишимдер жана аскерий база жана аэропортторду ижарага берүү келишимдерине катуу тыюу салынат. Жакшы кошуначылык келишимдерин, экономикалык, соода, финансылык, сакофий жана убактылуу тынчтык келишимдерин түзүү жайиз.

Тышкы саясат

186-берене

Ислам мамлекетинин Ислам негизине курулбаган же Ислам өкүмдөрү колдонулбай турган уюмдарда катышуусу жайиз эмес. Мындай уюмдар катарына БУУ, Эл аралык сот, Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк сыяктуу эларалык уюмдар о.э. «Араб мамлекеттери биримдиги» сыяктуу регионалдык уюмдар кирет.

Тышкы саясат

Өйдөгө
Өйдөгө
Өйдөгө